Жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулады

Жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды.

Бул тууралуу чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Жапайы жаныбарларды жана ошондой эле Кызыл китепке кирген айбанаттарга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пулдун көлөмү жаныбардын базардагы наркынан экиден 10 эсеге чейин жогорку баа менен белгиленет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.