Жандыктардын сөөк- саагына толгон Баткендеги таштанды талааны көзөмөлгө алган эч ким жок

Баткен шаарындагы таштандыларды төгүүчү аянт санитардык талаптарга жооп бербейт. Ал жерден таштандылардан тышкары жандыктардын сөөк- саактарын да кездештиргенге болот. Талаанын жан кейиткен абалына ал жерге жакын жайгашкан тургундар нааразы.

Документте жайыт катары каралган жайга калаа тургундары чыгындыларын төгүп, таштанды талаасына айлантып алышканына 6 жылдан ашты. Полигон менен калктуу конуштун аралыгы жакын жайгашкандыктан, жагымсыз жыттан тургундар тажап бүтүшкөн. Ал гана эмес, ажатканалардан чыккан суу, малдын өлүктөрү ушул жерге төгүлөт. Шаар жетекчилиги болсо талаанын экологиялык жана санитардык абалына кызыгып көргөн эмес.

“Ал талаа мыйзамдуу эле, болгону жашоочулар жакын келип алышкан. Ал эми экотех инспекциясынан бизге билдирүү келген эмес, маалыматым жок”,- дейт Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов.

Ал эми жерлерди каттоо кызматкери Батырбек Мадемидинов аталган талаа каттоодо жайыт жери катары катталганын айтат.

“Документ боюнча таштанды талаа эмес, жайыт үчүн талаа болуп катталган. Ал жердеги үйлөр мыйзамдуу. Учурда мэрия документтерди тактап жатат”,- деп билдирди Мадемидинов.

Жыл сайын жергиликтүү жашоочулар шаар бийлигине таштанды талаасын көчүрүү талабы менен кайрылышат. Анын негизинде өткөн жылы шаардан 9 чакырым аралыкта жайгашкан 80гектар аянт таштанды үчүн бөлүнгөн,учурда трасформациялоо документтери даярдалууда. Ага шаар бюджетинен 1 млн 200 миң сом каралган.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, жаңы плагион бардык шарттары менен болуп, талаптар так аткарылат. Учурда аянты тосулуп, документтери даярдалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген