Жанар Акаевдин сунушуна Бишкек шаарынын комендатурасы жооп берди

Кечээ, 1-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жанар Акаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо  каражаттарына өткөрмө кагаз берилип, көз карандысыз ЖМКларга берилбей калгандыгын айткан. Депутат дагы жыйырмадан ашык ЖМКга өткөрмө кагаз берүүлөрүн сунуштаган.

Депутаттын сунушуна бүгүн Бишкек шаарынын комендатурасы жооп берди.

Биз сиздерге Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз борборунун маалыматын өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

“Жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 Жарлыгынын 10-пунктун аткаруу максатында  Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө Жобонун 3- пунктуна ылайык, аталган аймакка өзгөчө абал киргизилип,  тиркеменин негизинде түзүлгөн кризистик кырдаалдарды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби  бекитилген.

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус  инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үчүн онлайн платформаларды түзүү жана бул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү каралган.

“Кризистик кырдаалды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуу тартиби жөнүндө” комендант бекиткен Жобо өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы менен  жалпыга маалымдоо каражаттары  жана интернет-басылмалардын бири-бири менен өз ара кызматташуусунун тартибин жөнгө салат.

Жобонун негизги максаты – расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилденген укуктарын камсыз кылуу болуп саналат.  Аталган Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,  “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Контитуциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын  башка ченемдик-укуктук актыларынын, коменданттын буйруктарынын жана буюрмаларынын талаптарына ылайык   иштелип чыккан.

Жакшы жаңылык! Ала-Букада 2 адам коронавирустан айыкты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген