Жанар Акаев: “Жаңы демге” арты таза, жеп-жутпаган саясатчылар чогулдук. Видео

КЛДП, «Ата-Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем» саясий партиялары, «Жашыл Күчтөр» партиясынын мүчөсү Азамат Темиркулов жана КСДПнын айрым депуттары биригип, алдыдагы шайлоого аттанышты.

Депутат Жанар Акаев “Жаңы дем” партиясына тажырыйбасы бар, мамлекетти талап-тонобогон, жеп-ичпеген саясатчылар чогулгандыгын айтты.

“Учурда саясатчылардын көбү байлыгы бар, бийлиги бар күчтүү партияларга чуркап жатат. Ошолордун шары менен агылбай, “Жаңы Демге” кошулган кесиптештериме рахмат айтам. Анткени азыркы тарыхый учурда элдин тарабын талашкан, адилеттүү, чындык үчүн күрөшкөн саясий топко кошулдуңуздар.

4,5 млрд доллардан ашык карызы бар өлкөнү байлыгына таянган, чала сабат, билимсиз, өзүн элита деп эсептеген саясатчылар куткара алабы? Албетте жок. Биз түзгөн партияга арты таза адамдар, 30 жылдан бери саясатта жүргөндөр, 1000-10 000 деген жаштардын башын бириктиргендер кошулду. Эл да ушуну күтүп жатат. Бекем, адилеттүү, билимдүү, калыс партиянын түптөлүшүн эл каалап, талап кылып жатат. 

Биздин эң башкы талап- аты булганган, мамлекетти талап-тоногон ууру-кескилер болбойт. Өлкөнү жеп-жутпаган, тескерисинче кустура турган саясатчылар чогулуп жататбыз. Кыргызстанды түрө кыдырып, билекти түрүп иштейбиз деген максатты алдыга коюп жатабыз. Кубаттуу, күчтүү Кыргызстанды курагандан коркпойбуз”,-деди Жанар Акаев.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген