Жамшитбек Калилов кызматынан бошотулду

КРнын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов  кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлко башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарыкка ылайык, Жамшитбек Калиловдун кызматтан кетүү боюнча арызы кабыл алынып, ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин, 14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп алып  уяткарган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген