Жамал Сейдакматова 82 жашында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты. Маалым болгондой, актриса 16-февралга караган түнү саат 03:05те оорудан улам көз жумган.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган.

Театрда чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Египет, Колумбия, Англия, Германияда өткөн Эл аралык фестивалдарга катышкан.

1990-жылы «Тунгуч» жаштар театрын ачып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген.

“Ынтымактын” жалпы жамааты актрисанын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.