Жалпы – 43. Вирустан дагы бир адам каза болду

Өткөн сутка ичинде  1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.

Каза болгон жаран Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан – 1 (аял киши, 1971-жылкы).

Жалпы каза болгондордун саны 43 кишини түздү.

25-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 3 954 учурга жетти.

Стационарда – 635, алардын ичинен реанимацияда – 12.

Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткандар – 1164.

Ооруканадан чыгарылды – 2112.

Каза тапты – 43.

25-июнь: Вирус 228 кишиден аныкталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.