Жалгыз бой аялдардын ажыга өз алдынча барышына уруксат берилди

Эми Кыргызстандагы жалгыз бой аялдар өз алдынча ажылыкка бара алышат. Мындай фатваны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши чыгарды. Ага  ылайык күйөөсү, балдары же жакын туугандары жок аялдар ажыга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда аталган бүтүм коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылып, айрым дин өкүлдөрүн таң калтырууда.

Жалгыз бой аялдардын ажылыкка өз алдынча баруу маселеси эки-үч жылдан бери такай көтөрүлүп, бирок Аалымдар кеңеши уруксат бербей келген. Анткени, аялдардын жакын адамысыз ажыга баруусу туура эмес, экинчиден,  “Ханафий” масхабында  тууган-туушканы жокторго  ажылык парз болбойт. Бирок акыркы кездерде коомдогу талаптар күч алып жаткандыктан, муфтияттын сунушу менен Аалымдар кеңеши ушул жылдын 25-январында  эч бир жакыны жок аялдардын тобуна зыяратка барууга уруксат берүү боюнча фатва чыгарган.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраевдин айтымында чыгарылган фатва жашы улгайып калган аялдар үчүн гана тиешелүү.

“Эгерде ошол ажылыкка бара турган аял ажыга бара турган башка аялдардын тобуна кошулган болсо жана жашы 55тен ашып калган адам болсо, анда биздин талаптарга жооп берет”,- дейт Ибраев.

Аалымдар кеңешинин фатвасы кийинки жылдарда да өз күчүн жоготпойт.  Болгону жогорудагыдай категориядагы аялдардын   жакындары жоктугун далилдөөчү документтери алгач тыкыр текшерилгенден кийин гана зыяратка жиберилет.

Мезгилдин жана орундун өзгөрүшү менен фатвалар да өзгөрөрүн аалымдар айтышат.  Ага жетиштүү далилдер жана калктын суроо-талабы болушу керек. Жакын кишиси жок аялдар ажыга барчу каражатын башка бирөөгө берип,  бул милдетин аткарса деле болот.

Аялдарга уруксат берүү менен катар быйылкы  ажылык сапарда  бир катар өзгөчөлүктөр бар. Өткөн жылга салыштырмалуу зыярат баасы дагы 130 долларга кымбаттаган. Муну  Кыргызстан дин башкармалыгы  Сауд Арабия падышачылыгы  бардык төлөмдөрдү 5% пайызга жогорулаткандыгы менен  түшүндүрүүдө. Жыл сайын  өзгөрүүлөргө дуушар болгон ажылыктын бирдиктүү стандарты жоктугу коомчулукту да түйшөлтүп келет.

Мындан улам коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов ажылык сапарга бирдиктүү эрежени мусулмандардын дин башкармалыгы түзүп, бир калыпка салышы керек экендигин айтат.

Быйылкы ажылык август айларына туура келип,  Кыргызстандыктар үчүн 5485 квота берилсе, учурда 5 миң 400 зыяратчы документтерин тапшырган. Ажылык сапарга баруучулар 27-июлдан баштап уча башташат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген