“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна түшүндүрмө

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда парламент жыйынында бир ай мурда өтпөй калган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты. Анда 97 депутат макул, бешөө каршы добуш беришти.

Белгилей кетсек, 30-июндагы жыйында аталган мыйзам долбооруна добуш берилип, алгач 64 депутат макул, 32 эл өкүлү каршы болгон.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган.

Демилгечилердин айтымында, жаңы мыйзамда фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Фейктер жана анык эмес же жалган маалыматтар боюнча бир топ өлкөлөрдө ар кандай мыйзамдар кабыл алынган. Биз алардын айрымдарын тизмектеп көрдүк.

  • Орусияда 2019-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган жасалмалуулукту жайылткандыгы үчүн 3-5 миң рубль, чиновниктер үчүн 30-50 миң рубль, юридикалык жактар үчүн 400 миңден 1 миллион рублга чейин айып пул салынат.

  • Германия парламенти 2017–жылы фейк жаңылыктарды убагында алып салуу эрежесин системалуу түрдө бузгандыгы үчүн социалдык тармактарга айып пул салуу мыйзамын кабыл алган. Бул үчүн социалдык тармактар 50 миллион еврого чейин айыпка жыгылышы мүмкүн.

  • Казакстанда интернетте анонимдүү комментарийлерге тыюу салынган. Маселен, ар бир колдонуучу SMS идентификациясынан өтүшү керек же электрондук санарип кол тамганы (ЭЦК) колдонуп, басылмаларга комментарий жазат.

2017-жылдын 1-октябрынан тартып Кытай бийлиги интернетте комментарий жазган колдонуучулардын инсандыгын милдеттүү түрдө идентификациялоону киргизген.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.