Жалал-Абаддын жаңы депутаттары деле жаңжалдан бошобой жатышабы?

28-май күнү Жалал-Абад шаардык кеңешине экинчи ирет өткөн шайлоодо келген депутаттар деле иш баштай албай жатышат. Алар ушул күнгө чейин мандаттарын да ала алышпады. Эл өкүлдөрүнүн тил табыша албаганы шаарда быйылкыга пландалган иштерди артка сүрдү. Ушул күнгө чейин шаардык бюджет да бекилие элек.

 Жалал-Абад шаардык кеңешине алты партия тийиштүү босогодон өткөн. Анын расмий жыйынтыгын чыгаруу сот ишине байланыштуу токтоп турат. Себеби “Ата-Журт” партиясы шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча БШКны сотко берген. Аталган партиянын арызын Жогорку сот 15-июнда карап, канааттандырган жок. Азыр 8-чакырылыштагы депутаттардын алгачкы сессиясы качан болоору белгисиз.

Сессиянын кечигишинен улам бюджет бекилбей, шаардагы бир нече курулуштар токтоп турат. Калаадагы 3 чоң көчөнүн кеңейиши, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү быйылкыга пландалган эле. Жыл жаңырганына жарым жыл болсо да жолдорду ремонтоо иши былк эте элек. Быйыл шаардын жалпы жол курулуштарына бюджеттен1 мллион сомго жакын каражат керектелет.

Айрым серепчилердин баамында, шайлоо өткөндөн кийин да депутаттар элди ойлобой эле партиянын кызыкчылыгына иштеп жатышат. Мурдагы чакырылышта шайланып келген 5 партияга мында бирөө кошулду. Ага карабай дагы эле ызы-чуу уланууда.

Сүрөт: dem.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген