Жалал-Абаддын мэрлигине бир партиядан эки талапкер көрсөтүлдү

Жалал-Абад шаарынын мэрлик кыматына бир коалициядан эки талапкер ат салышып жатат. Учурда бул коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Анткени оппозиция менен коалициянын бир партиядан эки талапкер чыгарышы күтүлбөгөн.

Жалал- Абад шаардык кеңеши «Ийгилик» коалициясын таратып, “Үлгүлүү шаар үчүн” деген аталыштагы жаңы коалиция түздү. Түзүлгөн жаңы коалиция мэрликке өз талапкерин чыгарды. Ал эми оппозициядагы фракциялар дагы ошол эле партиядан талапкер көрсөтүшүп, натыйжада мэрлик кызматка бир фракциядан эки талапкер ат салышып жатат.

Курамында КСДП, “Мекеним Кыргызстан” ,”Республика-Ата-Журт” фракциялары менен 7 ай иштеген “Ийгилик” коалициясы 2-майда расмий таратылды. Анын ордуна КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары биригип жаңы коалиция түзүштү.

Бир фракциядан Шаирбек Ташиев жана Мураталы Тагаевдин талапкер болуусу коомчулукта да кызуу талкуу жаратууда. Ал эми саясат талдоочулар эки талапкердин тең мэрлик кызматка тажрыйбасы жетиштүү деген пикирде. Мындан улам шайлоо курч мүнөздө өтүүсү күтүлүп жатат.

“Боло турган шайлоо курч мүнөздө өтөт. Анткени экөөнүн тең саясатта бир топ эле тажрыйбасы бар. Андыктан, мэрликке экөө тең даяр десек болот”,- дейт серепчи Узакбай Маматкулов.

Мыйзамга ылайык, шайлоого 5 жумуш күн калганда талапкерлерди каттоо токтотулат. БШКдан билдиришкендей, белгиленген мөөнөттө эки гана талапкер арыз жазган.

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 11-июнга белгиленди. Анда шаардык кеңештин 31 депутатынын кеминде 16 добушун алган талапкер жеңишке жетишээри күтүлүп жатат.

Жалал- Абад шаарынын мурдагы мэри 63 жаштагы Салайдин Авазов ушул жылдын апрель айында Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга тиешеси бар деген айып менен кармалгандыгына байланыштуу мэрлик кызматтан кеткен. Ал жетекчилик кызматка 2014-жылдын август айында келип, шаарды 4 жыл башкарган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген