FB Twitter YouTube Одноклассники

Жалал-Абаддагы эки улуттан куралган үй-бүлө кызыктуу жашоосу тууралуу айтып берди

Ар кайсы улуттан куралган үй-бүлөлөрдө жашоо кызык. Алардын той-аштарында эки элдин салттары тең колдонулуп, маараке кызыктуу өтөт. Дасторкондун ажарын ар кайсы ашкананын даамдары толуктайт. Неберелер болсо бир нече тилди бирдей өздөштүрөт. Сузактагы Абдугапаровдун интернационалдуу үй-бүлөсү өздөрүнүн кичинекей мамлекетиндеги артыкчылыктарды санап бүтө албайт.

Үй-бүлө башчысы Абдусаттар Абдугапаров өзбек болсо, аялы Гүлназ Абдугапарова- кыргыз кызы. Алардын 3 баласы бар. Жубайлар 40 жылдан бери ынтымакта жашап келе жатышат.

Бул үйдө эки элдин тең каада-салты колдонулат. Анысы үй-бүлөнүн жашоосун ого бетер мазмундуу кылат дешет жубайлар. Бирде бешбармак, бирде палоо тартып, дасторкондору да ар түркүн. Ал эми тойлордо да эки улуттун аспаптары ойнолот.

Жубайлардын уулу да кыргыз кызына үйлөнгөн. Бирок алардын жылуу мамилесине ата-энесинин эки улуттан болгону себеп болгон эмес. Эки жаш бири-бирин жактырып баш кошушканын айтат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда сексенден ашуун улут өкүлдөрү жашайт. бүлөөлөр үлгү боло алат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz