Жалал-Абадда диний окуу жайлар текшерилди

Жалал-Алаб облусундагы диний окуу жайлар облустук казыят тарабынан текшерилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү “Имам Аьзам”, “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра”, “Илим ТАТ” медреселеринде жүргүзүлдү.

Казыяттын өкүлү студенттер менен жолугуп жыл аягында сынактар кылдаттык менен уюштурулаарын айтып,  андан өткөндөр гана сертификат, диплом ала тургандыгын эскертти.

Ошондой эле окуу бөлүм адиси окуу жайдын админстрациясы жана мугалимдери менен маектешип, өткөн окуу жылында келтирилген кемчиликтерди жоюп, иш кагаздарды тартиптештирүү керектигин кошумчалады.

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген