Жалал-Абаддагы балдар бакчасында тамактан курт чыкты. Видео

Интернетке тарап кеткен бул видео тасма 18-ноябрда, Базар-Коргон районундагы “Чолпон” балдар бакчасында ата-энелердин бири тарабынан тартып алынган. Тасмадан жеткичнектерге куюлган тамактан курт деп алынып жатканын көрүүгө болот.Ата-энелердин дагы бири Нуржамал Ташиева бакчадагы тамак-аштын сапатсыз жана аз көлөмдө берилгенине нааразы экенин айтат. Ал эми бала бакчанын ашпозчусу эскирген азыктардан тамак даярдап келгенин моюндап, бирок, курт чыкканын четке какты. Ошондой эле бакчанын жетекчилиги бир топ убакыттан бери эле, эскирген макорондон тамак жасатып келгенин айтып, агынан жарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген