Жалал-Абадда жер титиреди

27-январь күнү саат 06:28де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, силкинүү Таш-Көмүр шаарында 2,5 балл, Аксы районунун Жыл-Көл, Кум айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иликтөө Бишкектин абасы кооптуу экенин көрсөтүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.