Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 1-мартта саат 15:20 чамасында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген