Жалал-Абадда жер титиреди

1-декабрь күнү Жалал-Абад облусунда жер силкинди.  Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, эрте менен саат 09:30 чамасында болуп, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген