Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнен кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 21-июль күнү саат 00:51де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга, Мундуз, Күлүк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Кашка айылында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген