Жалал-Абадда жер көчкү сүрүлүп баштаган аймактан эки үй бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жер көчкү сүрүлүп баштаган аймактан эки үй бүлө туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

24-январда, Кара-Алма айылында жер көчкү сүрүлүп баштаганы байкалган. Ал аймакта төрт турак жай бар экени аныкталып, анын экөөндө эч ким жашабаганы такталган. Эки үйдөгү сегиз адам азыркы тапта туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү.

Учурда аймакта тактоо иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.