Жалал-Абадда жер астынан өтмөктүн курулушуна кимдер каршы чыгып жатат?

Жалал-Абад шаарындагы жол тыгындарын азайтып, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан өтмөк курула баштады. Аталган курулуштун долбоору бир жыл аралыгында даяр болуп, коомдук талкуудан өткөн. Бирок курулушка каршы чыгып жаткандар да бар.

Жер  астынан өтүүчү өтмөктүн долбоору  шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо таап, шаардык казынадан 20 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бирок учурда жөө жүргүнчүлөргө жана ишкерлерге ынгайсыздык жаралаары аныкталып, долбоорго өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат.

Жалал-Абаддын вице-мэри Урмат Маматовдун айтымында, аталган долбоордун ишке ашышы шаардыктар үчүн бир топ эле жеңилдиктерди жаратат.

“Бул жерде жол кырсыктары көп катталат. Ошондуктан, өтмөктүн курулушу аварияларды  да азайтат”,- деди вице-мэр.

Курулуштун башталышына айрым ишкерлер каршы чыгып, өтмөк түшө турган жер аларга таандык экендигин айтышат.

“Курулуш түшө турган жердин айрым аймактары мага таандык. Өтмөктүн курулушу тууралуу бизге кабар да беришкен жок, өз жериме өзүм ээ боло албай турам”,- дейт ишкер Максат Орозалиев.

Ал эми шаар жетекчилиги ишкердин айткандарына макул эмес. Анткени курулуш жүрө турган аянт муниципалдык жер болуп саналат. Андан тышкары өтмөктүн соода түйүндөрүнө эч кандай залалы тийбейт.

Жер астынан өтүүчү өтмөктүн негизги бөлүгү 30 метр болсо, тепкичтери 11 жана 14 метрди түзөт. Ичинин кеңдиги  6 метр болуп, анын 2 метр жери соода күркөлөрүнө ылайыкталган. Долбоордун автору кошумчалагандай, өтмөктөн суткасына 50 миңге жакын адам өтсө болот.

Курулуш өз нугунда жүрсө, ушул жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүлөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген