Жалал-Абадда жеке ишкер 180 орундуу мектеп куруп берди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Алма участкасында жергиликтүү жеке ишкер Кубат Досматов тарабынан 180 орундуу мектеп курулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал- Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган участканын окуучулары буга чейин 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке барып окушчу. Жаңыдан пайдаланууга берилген бул билим уясы Арстанбап атындагы мектептин Досматов Темирбай атындагы бөлүмү болуп ачылды.

Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана жергиликтүү тургундар менен окуучулар катышты.

Айыл тургундары алыска каттап окуган окуучулар жолдун алыстыгынан ар кандай кооптуу абалдарга туш болуп келишкенин билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген