Жалал-Абадда жаңы бала бакча менен спорт залдын курулушу башталды

Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу шардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар ичиндеги 150 орундуу эки кабаттуу бала бакчанын капиталдык ремонту менен ошондой эле, Некрасов шаарындагы №2 орто мектебинин спорт залынын курулушу менен таанышып чыкты.

Таанышуу учурунда шаар башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектилердин курулуш иштерининин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.