Жалал-Абадда жаңгактын түшүмү болбой калды. Баасы да арзан

Быйыл Жалал-Абад облусундагы токойлордо жаңгактын түшүмү болбой калды. Ага кошумча баасы да төмөн болууда. Мындай абал жаңгак менен жан баккан тоолуу аймактын жашоочуларын кайгыга салды.

Самидин Кадыркуловдун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын Жаз-Кечүү бөлүмүндө ижарага алган 10 гектар жаңгак токою бар. Ал жерден жыл сайын 3 тоннага чейин түшүм алып, килограммын 180 сомго чейин сатып келген. Быйыл болсо түшүм аз болгону мында турсун баасы да бир кыйла төмөн болууда.

“ Быйыл болгону 300 кг жаңгак алдым. Анын жакшысын 100 сомдон, жамгырда, карда калгандарын 65 сомдон саттым. Бизде эми ушул жаңгак менен эле мал чарбачылыгы да. Бул болбосо башка киреше деле жок”,- дейт айыл тургуну.         

Ал эми Жаз-Кечүү айылынын дагы бир тургуну Замирбек Масиркулов 4 гектар токойду ижарага иштетет. Ал быйыл токойунан бир кг да жаңгак алган эмес. Бирок түшүм болбосо да гектарына миң сомдон мамлекетке акы төлөөгө милдеттүү.

“Мен быйыл бир тоголок деле жаңгак ала алган жокмун. Эми бизде студенттин контаргын, окуучу балдарыбыздын кийим-кечесинда ушу жаңгактын кирешеси менен камсыздайбыз. Быйыл болбой калды. Бирок мен барыбир гектарына миң сомдон жаныман төлөшүмө туура келет”,-дейт Масиркулов.

Учурда бир килограмм жаңгактын баасы 50 сомдон, 100 сомго чейин. Ал эми маңызы 400 сомго чейин сатылууда.

“Бул баалар элетткитерге арзан болгону менен аны чет өлкөлүк кардарлар “кымбат” деп алуудан баш тартууда. Анткени Кытай, Украина сыяктуу бир топ өлкөлөрдө жаңгактын баалары бизге салыштырмалуу арзан. Ошол үчүн сырттан келчү кардарлар ошол тарапка ооп кетти”,-дейт “Фермерс Органик Гарден” ишканасынын башкы  технологу Абдухосыл Абдувахабов.

Адистер Кыргызстандын жаңгактары табигый шартта өсүп, органикалык таза продукция болгондуктан дүйнө базарында мурдагыдай ордун табат деген ишеничте. Анткени Сузактагы “Фермерс Органик Гарден” ишканасы өткөн жылы Германия менен Голландияга 22тонна жаңгактын маңызын экспорт кылган. Быйыл болсо, 40 тоннага буюртма алган.

Жалал-Абад облусунда жалпы 35 миң гектар жаңгак токою бар. Алардын дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө быйыл түшүмдүүлүк болбой калган. Муну адистер жазында болгон жаан-чачындуу аба-ырайынан деп түшүндүрүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген