Жалал-Абадда WhatsApp аркылуу экстремисттик идеологияны тараткан адам кармалды

Жалал-Абадда экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, мурда милицияга шаарда жаран өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган материалдарды таратып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. Козголгон кылмыш иштин алкагында 51 жаштагы Х.М кармалды. Ал Кыргызстанда тыюу салынган Хизб ут-Тахрир аль-Ислами уюмунун мүчөсү жана алардын идеологиясын коңшуларга тараткан. Кошумчалай кетсек, ал киши тыюу салынган уюмдун идеологиясын WhatsApp группаларында жайылткан. Х.М.нын үйүн тинтүү учурунда. зат далилдери табылган. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды », – деп билдиришти ОИИБден.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.