Жалал-Абадда жер астынан өтүүчү өтмөк ачылды

Ачылуу аземге  КРнын вице-пермьер министри, жергиликтүү  бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана калаа тургундары катышышты.

Курулуштун жалпы чыгымы 13 миллион сомду түзүп, анын баары жергиликтүү казынадан каржыланган. Өтмөктүн кеңдиги 6, узуну  30 метрди түзөт.  Ал эми анын ичинен суткасына 50 миңге чейин адам өтүүгө болот.

 

 

Белгилей кетсек, жылдын ири курулушу аталган  өтмөк мындан 4 ай мурда башталган. Эгемендүүлүк майрамына карата ачылмак. Бирок, курулуш толук бүтпөй бир ай кечигип колдонууга берилди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген