Жалал-Абадда өтмөк белгиленген мөөнөттө бүтпөй калды. Жөө жүргүнчүлөр үчүн башка жол жок.

Жалал-Абадагы жер астынан өтүүчү өтмөк белгиленген мөөнөтүндө бүтпөй калды. Аталган курулуш башталганда, 31-августта пайдаланууга берилет деп айтылган. Бирок белгисиз себептер менен курулуш иши кечеңдеп жатат. Бул арада шаардыктар жолдо жүрүүдө ыңгайсыздыктарга туш болушууда.

Жылдын ири курулушу аталган  өтмөк мындан 4 ай мурда башталган. Ошол кезде калаа жетекчилиги аны 31-августта бүтөөрүн айткан. Бирок, ал күнгө өтмөк даяр болбой, азыр деле курулуш бүтө элек.

“Тендердин мөөнөтү боюнча октябрь айы көрсөтүлгөн. Азыр биз курулушчуларга бир нерсе деп айта албайбыз. Болгону биз 31не бүтүрүп бергиле деп суранганбыз. Бирок бүтүрө албай калышты”,-дейт Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

Өтмөктү куруп жаткан курулуш фирмасы да иштер план боюнча кетип жатканын билдирүүдө. Алар шаардыктарга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн күнү-түнү иштеп жатышат.

Бирок тургундар курулуш жүргөн 4 айдан бери  жолдо жүрүүдөн кыйналып жатышкандыктарын айтып чыгышты. Алар өтмөк бүткөнгө чейинки альтернативдүү жөө жүргүнчүлөрдүн жолу каралбагандыгына нааразычылыктарын билдиришти.

 “ Ачып койсо эл кыйналбайт эле.  Эми жол бүткөнгө чейин көп бар.  Базарга барат,базардан чыгат. Эми жолдун нугу экен да. Элдер көп жүргөн жер болгон соң,  чоң эле кылып ачып койсо болот. Же убактылуу башка жолду караштырыш керек болчу”,-дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Ботой Жаныбеков.

Жергиликтүү бийлик курулуш жүрчү аймак коопту болгондуктан, анын айланасынан өтүүгө тыюу салган. Бирок тургундар ага каршы болуп, өз алдынча темир тосмолордон жол ачып алышкан. Ал эми өтмөктүн курулушу октябрда бүткөрүлөөрү пландалган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген