Жалал-Абадда суу ташкындарынын алдын алып жатышат

Сузак районунда өткөн  жылы сел алган  эки дамба калыбына келтирилет. Буга кошо дарыя жээкетерин бекемдөө, жолдорду калыбына келтирүү жана көпүрөлөрдү оңдоо жумуштары  жасалат.

2017-жылы Көк-Арт дарыясынын суусу нугунан көтөрүлүп, эки дамбаны сел жууп кеткен эле. Коргоочу тосмолор  калыбына келтириле электигине байланыштуу суу ташкындоо ыктымалы жогору.

Былтыр тилсиз жоонун  кесепетинен улам 30га жакын коргоочу дамбалар жарактан чыгып, калктуу конуштарга кооптулук жараткан. Алардын 21и калыбына келтирилген, төртөөндө жумуш жүрүп жатат. Ошондой эле Сузактагы  15 объектиде курулуш иштери  жүргүзүлөт. Жмуштар селдин алдын алуу, калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаал катталган учурда кесепеттерин жоюу деп ажыратылган. Каражат январь айынын аягына чейин ажыратылат.

Эске салсак, өткөн жылы  Жалал-Абад облусунда суу ташкындарынан 30га жакын көпүрө, 25 коргоочу дамба жарактан чыккан, 40 чакырымдай жол бузулган.

Текст: Дөөлөтбек Кочкорбаев, Кылымжан Азамат кызы

Видео: Шайыр Зайирбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.