Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн түнкү жүрүм-туруму көзөмөлгө алынууда

Жалал-Абад шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы ар түрдүү кылмыштуулуктарын жана зордук-зомбулуктардын алдын алуу аракеттери көрүлүп, алардын түнкү жүрүм-турумдары да көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Калаада өткөрүлгөн түнкү рейдге, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп мугалимдери катышты. Атайын түзүлгөн топ шаар көчөлөрүндө, түнкү эс алуу жайларында жана интернет клубдарда кыдырууларды жүргүздү. Натыйжада аталган жайларда түнкү саат 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 18 жашка чейинки 31 миң 108 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген