Жалал-Абадда селсаяктар үчүн баш паанек уюштурулду

Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үй, Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен 13-октябрда ачылган.

Учурда атайын жатакана даярдалып, тамак-аш жана керектүү каражаттарды алуу үчүн жергиликтүү бийликтен каражат суралган. Адистер маалымдагандай ал жер жазга чейин иштеп турат.

Азырынча күн жылуу болгондуктан башпаанек издегендер кайрыла элек. Ага карабай кызматкерлер күн-түн кызматта турушат. Азыркы тапта аялдар үчүн 7, эркектерге 10 орундук бар. Алар эки бөлмөдө жайгашкан.

Түнөк үйгө кайрылгандар күн сайын бир маал ысык тамак, жумасына бир ирет мончо жана медициналык кароолор менен камсыздалат. Мындан сырткары кийим-кече жана гигиеналык каржаттар да каралган.

Жалал-Абад шаарында мындай түнөк үйгө муктаждар канча экени боюнча так цифралар жок. Анткени алар облустун туш-тарабынан, айрым учурларда башка облустардан да келип калгандар болот.

Калаа бийлиги түнөк үйүн уюштурууга өткөн жылы 162 миң сом акча бөлгөн. Быйыл кайрымдуулук борбору 201 миң сом суроодо. Белгилей кетсек, аталган жай 5 жылдан бери, ноябрь айынан мартка чейин иш алып барып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген