Жалал-Абадда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптаган

Аксы районунун Ак-Жол айылында 2-май күнү саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн огороддорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан сырткары №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

3-май күнү жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Ал эми ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары №38 ЖТИ тарабынан аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген