Жалал-Абадда сел жүрүп, үйлөрдү каптады

12-май күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короолорун (огород) каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан сырткары  №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган.

Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген