Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык ишкана жабылды

Жалал-Абад шаарында 1-майдан тарта уруксат берилген ишкердик субъектилерине рейд жүргүзүлдү. Шаар мэри Мураталы Тагаев тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталышын, андагы белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө алды.

Натыйжада айрым ишканаларда кызматкерлердин аз санда экендиги, бет кап менен антисептикалык каражаттар колдонулуп жатканы белгилүү болду. Ал эми кээ бир жайларда эрежелер сакталбай, учурдагы кырдаалга байланыштуу коюлган талаптар аткарылган эмес. Мындай көрүнүш унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, такси кызматтарында кезикти. Мындан улам санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык жай жабылды.

Калктын саламаттыгы үчүн мындай рейддер алдыда да улантылат. Уруксат берилген жайлардагы түзүлгөн шарт шаар мэринин жеке көзөмөлүндө болот.

Эскерте кетсек, 1-майдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарында жалпы 83 ишкердик субъектисине уруксат берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.