Жалал-Абадда пахта терим башталды. Түшүм жылдагыдан аз

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында пахта терим башталды. Дыйкандардын айтымында, быйыл түшүм жылдагыдан аз.

Андыктан дыйкандар пахтанын баасы көтөрүлүшүн күтүүдө. Сейдикум айылынын тургуну Кимияхан Дадамирзаеванын айтымында, баа 50 сомдон жогрру болгондо гана  пахта өз чыгымын актайт.

Облуста 5 пахта завод бар. Азыр баары ак алтын кабыл кыла башташты. Бирок баа чечиле элек.

“Учурда терим башталып, 12 тонна пахта алдык. Бирок баа чечиле электигине байланыштуу сактап турабыз. Болжолдуу түрдө баа 40 сомдон жогору  болоору күтүлүүдө”, – дейт “Алтын-Була” пахта заводунун жетекчисинин орун басары Хайрулла Сатаров.

Быйыл облуста пахта аянты өткөн жылга салыштырмалуу 1708 гектарга көбөйгөн. Буга ак алтындын экспорттоло баштаганы себеп. Бугүнкү күндө  Орусия, Туркия, Германия жана Швецария мамлекеттерине экспорт жүргүзүлүүдө. Былтыркы жылы 400 тонна органикалык пахта Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттерге экспорттолгон. Өткөн жылы пахта алгач 43 сомдон сатылып, 38-37 сомго чейин төмөндогөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген