Жалал-Абадда нефти уурдаган эки жаран кармалды

2018-жылдын 8-ноябрь күнү саат 22:50 чамасында, Сузак районунун Камыш-Башы айылында болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКнан, Жалал-Абад шаарындагы “Петрофакт” ишканасына баруучу жердин асты менен өткөн трубаны белгисиз жарандар тешип, атайын шланга улап өздөрү менен бирге айдап барган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунасынын кузовуна атайын колдо жасалып орнотулган, болжол менен 1,5 тонналык темир цистернага 500 литрдей нефтини куюп жаткан жеринен кармалды.

Аталган факт боюнча 10-ноябрь күнү Сузак РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-беренесини (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөө иштердин натыйжасында, 22-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 1987-ж.т. Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын тургуну Ю.А.А кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген