Таш-Көмүрдө мыйзамсыз сатылган 7 млн сомдон ашык жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 7 миллион сомдон жогору бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалым болду.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген баасы 7 миллион 350 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

“Таш-Көмүр шаардык мэриясы мыйзам талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жарандын менчигине 3 гектар жерди өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми учурунда мамкаттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө акты берилген. Мэриянын токтомун жана жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө прокуратуранын доо арызы сот тарабынан толугу менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук актынын негизинде, жер тилке шаарынын мэриянын балансына кабыл алынды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.