FB Twitter YouTube Одноклассники

Жалал-Абадда мисте токойлорун малак курт басты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма, Курорт, Кара-Таш токой чарбаларын түгөйсүз жибек курттар каптады. Адистер зыянкечтерден кутула албай айласы кетип жаткан кези.

Мисте дарактарын малак курттардан арылтууга тиешелүү кызмат жетишпей жатат. Буга дары чачуучу аппараттардын эскилиги жеткени да себеп. Эгер убагында тазалоо иштери жүргүзүлбөсө, түшүм начар алат. Ага кошо дарактардын такыр куурап жок болушуна алып келет.

Мисте дарактарынын жалбырактарын малак курт баскан учур жыл сайын ушул мезгилде жанданат. Адистердин айтымында, быйыл жаз алды менен 900 гектар аянттагы мисте даарыланган. Ага карабай токойду түгөйсүз жибек курттардан арылтууга тиешелүү кызмат жетишпей жатат. Себеби дары чачуучу аппараттардын эскилиги жетип, тез-тез бузулуп, адистердин иштөөсүнө тоскоолдук жаратууда.

Сузак токой чарба бөлүмү төрт коруктан турат. Жалпы аянты 4477 гектарды түзөт. Быйыл жалпы 40 сотыхтай жерди түгөйсүз жибек курт жеген. Эгер алдын ала дарылабаса бул көрсөткүч дагы өсөт да, мистенин түшүмүн азайтып, ал тургай дарактардын такыр куурап жок болушуна алып келет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz