Жалал-Абадда медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу уланууда ВИДЕО

“АВЕП” коомдук фонду медресе жаштарын кесиптик шыктарга октуу долбоорун улантууда. Бул жолу алар Базар-Коргон районундагы «Имам Термизий» медресесине баш багышты. Медиресе окуучулары тигүүчүлүк өнөрдү өздөштүрүүнү тандап алышты. Эгер сунуш жактырылса, керектүү жабдыктар алып берилет.

Медреседе билим алган жаштардын бир гана диний билим менен чектелбей, кошумча кесиптик билим алуусу үчүн «Авеп» коомдук фонду кесиптик шыктарга октуу долбоорун ишке ашырып келет. Аталган долбоор менен Базар-Коргон районундагы «Имам Термизий» медиресеси окуучу кыздарын тигүүчүлүк кесипке үйрөтүүнү пландаганын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев айтты.

Долбоор адегенде 2014-жылы пилоттук негизде Чүй облусунда гана ишке ашырылган болсо, бүгүнкү күндө суроо-талаптын күчтүгүнөн өлкөнүн 7 дубанында иш алып барууда. Анын арты менен медреседе билим алган жаштар өздөрү кызыккан кесиптин ээси болуп, сертификаттарга ээ болуп келишээрин Медиресе жаштарын кесиптик шыктарга октуу долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди.

«Авеп» коомдук фонду каржылаган медресе жаштарын шыктарга окутуу долбору бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 28 медресе менен иш алып барып, 8 кесиптин түрү боюнча жаштардын билим алуусуна шарт түзгөн.

Эске салсак, буга чейин аталган долбоор менен Сузак району жана Жалал-Абад шаарындагы эки медресе иш алып барып, ашпозчулук жана мебел жасоо боюнча билим берүүнү жолго коюшкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген