Жалал-Абадда май ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды

13-январь күнү саат 19:00 чамасында  Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) “Freightliner” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа кырсыкка кабылды. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочусу денесине оор жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кырсык болгон жерге  өрт коопсуздугун сактоо максатында ӨКМнин Кара-Көл шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Алдын алуу иштеринин натыйжасында өрт катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген