Жалал-Абадда курулуп жаткан футбол академиясынын долбоору жарыяланды

Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан футбол академиясынын долбоору көрсөтүлдү. Аны шаардык мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Академия акыркы технологияларды колдонуу менен курулат. Анда 7 жаштан, 17 жашка чейинки 200гө чукул бала тарбияланат. Андан сырткары 18 жаштан жогорку курактагы балдардан куралган эки команда машыктырылат.

Үч чоң, эки кичине футбол аянты, жабык түрдөгү спорт зал, унаа токтотуучу жай, тамактануучу жайлар жана жатакана болот.

Белгилей кетсек, футбол академия ишкерлер тарабынан курулууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.