Жалал-Абадда мыйзамсыз курал сатууну көздөгөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 18-январь күнү «Арсенал» иш-чарасы өткөрүлгөн. Натыйжада Таш-Көмүр шаарынын 1994-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну ок атуучу сайлуу куралын жана 5 даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдикүү реестрине 253-берене (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталган.

Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.