Жалал-Абадда коомдук транспортторго видеокөзөмөл орнотулат

Жалал-Абад шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, каттамдар апрель айынан тарта электрондук онлайн көзөмөлгө өтөт. Азыркы учурда тиешелүү мекемелер тарабынан керектүү иш аракеттер көрүлүп, айдоочуларга маалыматтар жеткирилүүдө.

“Калаадагы жүргүнчү ташуучу каттамдар менчигинин түрүнө карабай видеокөзөмөл орнотууга тийиш. Көзөмөл камералары орнотулбаган коомдук транспорттордун жүргүнчү тейлөөсүнө жол берилбейт. Бул нерселер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоого өбөлгө түзүү менен башаламан кыймылды жоюуну көздөйт”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада 15 автобус бар. Андан тышкары 13 каттам аркылуу кичи автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген