Жалал-Абадда кемпирдин кийимин кийип, кайырчылык кылып жүргөн кыз кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан аталган облустун аймагында кемпир сыяктуу кийинип, кайырчылык кылып жүргөн кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө авто тыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенгендерге карата “Укук жана тартип” аталышындагы рейд өткөрүлгөн.

Текшерүү учурунда 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө “менин эжем рак оорусу менен ооруйт” деген жалган маалымат камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталды”, – деп билдиришти Жалал-Абад облустук милициясынан.

Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгына каттоого алынган. Тиешелүү материалдар топтолуп, айыппулдар салынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген