Жалал-Абадда үй-жайы жок жарандар үчүн түнөк үйү иштеп жатат

Жалал-Абад шаарында үй-жайы жок жарандар үчүн түнөк үйү иштеп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын алдындагы “Кайрымдуулук борбору” тарабынан уюштурулган түнөк үйү иш алып барууда.

“Имаратта эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Азыры учурда аталган жайга күн сайын 10дон 15ке чейин киши түнөк алууда. Алардын басымдуу бөлүгү турмуш шарты оор жана спирттик ичимдиктерине көз каранды жарандар. Кайрылгандардын ыңгайлуулугу үчүн керебеттер менен жууркандар камсыз кылынган. Мындан тышкары ысык тамак берилип, мончо уюштурулат. Бөлүнгөн кызматкерлер тарабынан алардын ден соолугу жана гигиеналык тазалыктары текшерилип турат”,-деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга түнөк үйүн 2013-жылдан тарта уюштуруп келет. Ал эми 2019-2020-жылдагы кыш мезгилине карата жалпы 166 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген