Жалал-Абадда ишкер, жеген тамагынын акчасын төлөбөгөн тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазды

Жалал-Абад шаарында милиция кызматкери эс алуучу жайлардын биринен тамактанып, акысын бир нече жолу төлөбөй кеткен. Бул тууралуу ишкер Искендер Хамракулов айтып чыкты. Ошондой эле ал орган кызматкерине карыз катары берген миң доллар акчасын да бир жылдан бери ала албай жүргөнүн билдирүүдө.

Окуя, өткөн жылдын октябрь айларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде орун алган. Анда Жалал-Абад ОИИБнын Улан Бакиев аттуу тергөөчүсү ишкерден карыз катары миң доллар берип туруусун суранат.

Бир күнү келип менден карызга миң доллар берип туруумду суранды. Өзүмдө жоктугуна карабай карыз алып жүрүп таап бердим. Мага бир айда кайтарам деп сөз берген. Ошол маалда ишине байланыштуу үстүнөн арыз түшүп, ошону жабышы керек экенин айткан эле”, – дейт Искендер Хамракулов.

Ошентип, бир айга деп алынган карыз бир жылдан өтсө да кайтарылган эмес. Ал гана турсун соңку учурларда жеген тамактары менен ичимдиктеринин да акысын төлөбөй кетүүнү адатка айлантат. Ал эми карыздарын телефон аркылуу сураган кезде, вотсап социалдык түйүнү аркылуу коркутууга алган.

“Телефон чалсам ороңдоп, “вотсапка кирсең” деди. Менимче бир аз ичип алган эле. Анан эле телефонума бандиддердей болуп, курал кармап, формасы жок түшкөн сүрөтүн жиберди. Мен түшүнбөй калдым”.

Жогорудагы окуялар көзөмөл камерасы жок болгон үчун тасмага түшкөн эмес. Бирок мында иштеген кызматкерлер баарына күбө болушкан.

“Улан байке бизге көп келчү. Көп эле жолу жетекчибиздин уруксаты менен карыз бергенбиз. Бирок соңку учурларда карыз деп да жаздырбай эле, Искендерге айтып кой “мени келип кетти” деп чыгып кетчү болду. Акыркы жолу келгенде 2750 сомдук отурушкан. Жанында кыздар менен келип тамактарды, ичимдиктерди алышкан эле”,- дейт атын атагысы келбеген кызматкер.

Ишкердин айыптоолору боюнча, Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков  териштирүү иштери башталганын билдирди. Ал кошумчалагандай тергөөчү Улан Бакиев да, ишкердин үстүнөн “3 миң доллар жана 28 миң сомумуду өндүрүп бериңиздер” деп арыз менен кайрылган.

“Учурда бул окуя боюнча ички иликтөө кызматы териштирүү ишин баштады. Экөө тең арыз менен кайрылышкан. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен дагы кошумча маалымат берилет”,- дейт ОИИБнын басма сөз катчысы.            

Азыркы тапта териштирүү жүрүп жатканы менен тергөөчү убактылуу кызматынан четтетилген эмес. Ошондуктан калыс териштирирүүнү камсыздап берүү өтүнүчү менен Искендер Хамракулов башкы көзөмөл органына жана өлкө башчысына кайрылуу кат жазган.

Ал эми Улан Бакиев бул айыптоолордун баарын четке кагат.

Эске салсак, буга чейин да Ошто милиция кызматкери жеген тамагынын акысын төлөбөй жүргөндүгү боюнча ишкер арыз жазган учур катталган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген