Жалал-Абад: бөйрөк оорулуулардын төрттөн бири гана гемодиализ алып жатат

Жалал-Абад облусунда гемодиализге муктаждардын төрттөн бири гана дарыланат. Анткени оорукана ошого эле ылайыкташып, аппараттар да жетишсиз. Мунун айынан бейтаптар өлкөнүн башка шаарларына барып дарыланууга мажбур.

Учурда облус аймагында 100дөн ашуун адам гемодиализдин жардамы менен жашайт. Бирок аймактагы оорукана алардын 25ин гана камсыздап жатат. Бейтаптардын баарын дарылоого дагы 10 гемодиализ аппараты жетишпейт.

“Жалал-Абад облусттук жасалма бөйрөк бөлүмүндө учурда 4 аппарат кызмат кылат. Айрым учурда алар да бузулуп, тартыштык жаралат”, – дейт Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директорунун орун басары  Венера Орунбаева.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миңге чукул киши өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркайт. Алардын 800ү гемодиализге кезекте турат. Өлкөдөгү мүмкүнчүлүк ошого гана жетет. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 552 бейтап гемодиализ алып, 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодон өтөт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz