Жалал-Абадда эшек уурулардан 160 миң сом чыгым болду

Жалал-Абадда эшек уурдоо фактылары көбөйө баштады. Жыл башынан бери 18 учур катталып, келтирилген зыян 160 миң сомду түзгөн. Муну Кытайга эшек экспорттоо менен байланыштырып жатышат. 

Оштун Кара-Суу районунан келген Турат Жалбаев беш эшегин короосунан уурдаткан. Эки айдан бери Ош менен Жалал-Абаддагы эшек экспорту менен алектенген ишканалардан  малын издеп  жүрөт.  Таппасам 50 миң сом чыгаша тартам деп бушайман.

“Айылда эшектер калбады. Уурдаткандан кийин дагы бир эшек сатып алдым. Суу ташып иштеткени. Ал эшекти азыр мал байланчу сарайга алып кирип, чөп салып кулпулап койобуз”, – дейт Кара-Суу районунун тургуну Турат Жалбаев.

Эшек уурдаткандардын көпчүлүгү Жалал-Абад шаарына издеп келишет. Анткени эшек экспорту менен алектенген ишкананын сарайлары шаардагы Спутник кичирайонунда жайгашкан.

Милиция кызматкерлеринин маалыматында облуста ушул жылдын үч айында эшек уурдоо боюнча 18 факты катталган болсо,  бири да Спутниктеги сарайлардан табылган эмес.

“Эшек уурдаткан жарандар арызданып келишет. Алар ушул жерде болушу мүмкүн деген божомол менен келип жатышат. Териштирип сураганда  биздеги арыздын негизинде эшек уурдоо фактысы ал жерде болгон эмес”,- дейт Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Самара Кыдырова.

Маалым болгондой, былтыр Жалал-Абад облусунда расмий катталган эшек уурулук 164кө жеткен. Зыяндын көлөмү 760 миң сом деп бааланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.