Жалал-Абадда экологиялык веломарафон өттү

Жалал-Абадда веломарафон болуп өттү, анын максаты-абанын булганышы көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле экологиялык таза транспортту жана сергек жашоо образын жайылтуу. Бул тууралуу Youth of Osh бейөкмөт уюмунан билдиришти.

Велосипедчилер колоннасы марафонду Барпы театрынын алдынан баштап, кайта ошол жерде аякташты. Веложүрүшкө 100гө жакын адам катышты.

Иш -чаранын алкагында бош орундар (вакансия) жарманкеси да өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.