Жалал-Абадда эки унаа кагышып, жети адам каза болду

Кырсык 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында, Ноокен районунун Бүргөндү айылында болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда“Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

Жараат алган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Башкы сүрөт интернеттен алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген