Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы жаран Оштон табылды

Жалал-Абадда облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 31 жаштагы кыз Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 27-апрель күнү түнкү саат 22:30 чамасында Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын кайгуул кызматына Сузак районунун тургуну кайрылган. Ал, 1990-жылы туулган кызы дайынсыз жоголгонун айтып, аны табууга көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнгөн.

Жоголгон жарандын ата-энеси кызы Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жүрөт деген маалыматты уккандарын айтышкан.

Милиция кызматкерлери аталган жаранды Ош шаарындагы кафелердин биринен таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1990-жылы туулган М. Б аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.