Жалал-Абадда бир ай мурун сууга кулап кеткен баланын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунда корккон жылкынын айынан көпүрөдөн дарыяга түшүп кеткен баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

11 жаштагы бала Э.Н. 24-майда жайлоодо мал кайтарып жүрүп, дарыядагы көпүрөдөн өтүп бара жатып, миңген аты коркуп кетип, экөө чогуу дарыяга кулап түшүп кеткен, ат суудан чыгып, бала агып кеткен болчу.

Андан бери күн сайын издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтыгы болгон эмес.

Ошентип, 22-июнда саат 18:00 чамасында Желе-Терек тилкесинде дарыядан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.